Ооганстанда сел 30 адамдын өмүрүн алды

Ооганстанда селден 30 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам дайынсыз жоголду

Бийликтердин маалыматы боюнча, нөшөрлөгөн жаандан улам келип чыккан селдин кесепетинен Ооганстандын чыгышында кеминде 29 адам набыт болуп, бир нече үй жабыркаган. 

Көптөгөн афгандыктар жыл сайын катуу жааган жамгырдан каза болушат, өзгөчө жакырчылык өкүм сүргөн айыл аймактарында, сапатсыз курулуш үйлөр урап калуу коркунучунда турат.

Парван, Каписа жана Нангархар провинциялары акыркы 24 сааттын ичинде нөшөрлөгөн жаандан жапа чеккен.

Парванда кеминде 20 киши өлтүрүлүп, 50дөн ашууну жараат алганын Табигый кырсыктарды башкаруу министрлигинин өкүлү Мохаммад Насиб Хаккани билдирди.

Ал Франс Пресс агенттигине "эгиндер, ондогон үйлөр жана жолдор талкаланганын" айтып, Нангархарда төрт, Каписада беш адам каза болгонун кошумчалады.

Ал жабыркаган аймактарга куткаруу топтору жана тез жардам жөнөтүлгөнүн белгиледи. Куткаруучулар ылай болгон урандылардын арасынан аман калгандарды издеп жатышты.

Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Хекматулла Шамимдин айтымында, Парванда дагы 100дөй адам дайынсыз жоголгон.

Талибан былтыр августта көзөмөлдү кайра басып алгандан бери чет элдик каржылаган жардам жана табигый кырсыктарга жардам көрсөтүү аракеттери кыйла азайды.

Батыш өлкөлөрү талиптер кандайдыр бир колдоону тартып алып, бийликти бекемдөө үчүн колдонушу мүмкүн деп коркушат.